super.kg logo

Лейлектин Арка 2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды

 

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка 2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, ачылуу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов, жергиликтүү айыл башчылар, ошондой эле айылдын тургундары катышты.

"Бул аймактык пункт заманбап типте курулуп, бир тарабында милициянын иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулган.

Жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн имаратта бардык шарттар түзүлгөн.

Бул пунктта милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат", - деп жазылат маалыматта.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: