super.kg logo

Бишкекте "Европа бирлиги - Борбор Азия" биринчи экономикалык форуму өтөт

 

Бишкек шаарында 5-ноябрда "Европа бирлиги - Борбор Азия" биринчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форум алкагында жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү маселеси талкууланмакчы.

Форум COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан соң жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоого алууда координацияланган экономикалык жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууга жана аны талкуулоого багытталган.

Форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жана өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Европа Бирлигин Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис көрсөтөт. Мындан тышкары, Европа Бирлиги өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, тышкы иштер министрлери, атайын өкүлдөр, ошондой эле атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер катышат.

Ошондой эле форумга бир катар эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, анын катарында Дүйнөлүк бажы уюмунун жана Энергетикалык хартиянын жетекчилери, ишкер чөйрө жана банк секторунун өкүлдөрү катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: