super.kg logo

Таалатбек Масадыков: "Ооганстан тууралуу тарап жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт"

 

Биз Ооганстандагы абалдын батыраак турукташуусу үчүн аталган өлкөнүн өкмөтү менен диалог жана консультацияларды жүргүзүшүбүз керек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков “Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалдын фонунда жаңы геосаясий шарттарда” аттуу эл аралык эксперттик конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Масадыков Ооганстан өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн бүтүндөй дүйнөнүн гуманитардык колдоосуна муктаж болуп турганын белгиледи. Ал ошондой эле гуманитардык миссияны жеткирүүнүн жүрүшүндө өлкөнүн коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат каражаттарында айтылган чыныгы абал менен дал келбестигин байкаганын белгиледи.

“Кыргыз өлкөсү бай эмес өлкө болсо дагы Ооганстандын элине жана Чоң жана Кичи Памирди байырлаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, ЖМКларда таратылып жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жакында биз ал жакта болгон учурда аялдар паранжа кийбей, кадимкидей эле жоолук салынып, айрымдары бет кап, бирөөлөр бет капсыз жүрүшкөнүн байкадык.

Мектептер иштеп жатат. Айырмасы эми балдар менен кыздар өзүнчө окушат. Мындан тышкары мага мейманканага кечки саат 22:00дө эч кандай коштоочуларсыз эле БУУдан кесиптешим келди. Коопсуздук жагынан алганда азыркы абал мурдагыга караганда бир топ жакшы", - деди Масадыков.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: