Бишкекте Лебединовка айылынын мурдагы башчысына алдандым дегендер митингге чыкты





Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына Аламүдүн районунун жашоочулары митингге чыкты.
Митингге болжол менен 10дон ашык адам чыкты жана алар Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бердибек Чынтемиров алдап кеткенин айтышууда.
Митингге чыккандар колдоруна "Депутаттыкка талапкер, Бердибек Чынтемиров, биздин жерлерибизди бер", "Мыйзам ким үчүн?", "Садыр Нургожоевич, жерибизди алганга жардам бериңиз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Митингге чыккандардын айтымында, Бердибек Чынтемиров алардын үлүш жерлерин ижарага алып, жасалма документ жасатып сатып жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.