super.kg logo

Өлкөдө "Өзүңдүн саймалуу батаңды түз" аттуу биринчи оюн түзүлдү

 

Өлкөдө "Өзүңдүн саймалуу батаңды түз" аттуу биринчи оюн түзүлдү. Бул тууралуу "Айкын багыт" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Өзүңдүн саймалуу батаңды түз" - бул салттуу баалуулуктар, энелердин батасы, анын ичинде заманбап баталардын мааниси, ар бир адам үчүн колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу өлкөдөгү алгачкы оюн.

"Долбоорду түзүүдө командага ар кайсы өлкөлөрдөн келген дизайнерлер, маркетологдор жана таргетологдор жардам беришти. Оюндун өзү 4 деңгээлдеги этабы менен курап жасалчу "конструкторго" окшош, аны колдонуучу өзү курап тандай алат. Алар кадамдар деп аталат. Алар эмне үчүн керек? Себеби биздин чөйрөбүздөгү ар бир адам колдоо сезип тургусу келет.

Жакын адамыңызга батаңызды жибергенде: "Мен сени кандай гана учур болбосун, дайыма колдойм. Мени менен ар убакта байланыша аласың" деген болосуз", - деп билдиришти фонддон.

"Айкын багыт" коомдук фондунун айтымында, "Өзүңдүн саймалуу батаңды түз" оюну адамдарга бири-бирине колдоо сөздөрдү айтууга жардам бериши керек. Оюн үч тилде жеткиликтүү: кыргыз, орус, англис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: