ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Ак-Ордодо автобустардын саны эртеңден баштап көбөйтүлөт" дешти тийиштүү мекемеден
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкектин Ак-Ордо конушунун тургуну кайрылып, аталган конушта бүгүн автобустар каттамга толук чыкпаганын айткан. Ошондой эле мындай жагдайдын жаралышы конуш тургундарынын жумуштарына кечигип баруусуна себеп болгонун кошумчалап, нааразы болгон.
Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгына байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Бүгүн №10 жеке автобустук каттамга 9 автобус линияга чыккандыгын билдиребиз.
№10 автобустук каттамды тейлеген "Эко Пассажирский Транспорт" ЖЧКсынын директору А.Сапаралиевдин маалыматы боюнча, ушул жылдын жай айында Кытай Эл Республикасынан тапшырык (заказ) кылынган автобустардын дөңгөлөктөрүнүн бир бөлүгү 29-октябрда келди. Мынча узак убакыт өтүшү бул Торугарт-Иркештам бажылык чек арадагы товарлардын күнүнө чектелип аз өтүшүнө байланыштуу деп билдирди. Аталган себептердин натыйжасында №10 автобустук каттамдын жалпы кыймыл курамдарынын кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөрү алмаштырылбай калган.
Эртеңден баштап №10 автобустук каттамдын линиядагы кыймыл курамы көбөйтүлөт", - деп билдиришти мекемеден.

