Өлкөдө 1 миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцинанын алгачкы дозасын алды
Өлкөдө бүгүнкү күнгө карата коронавируска каршы вакцинанын алгачкы дозасын алгандардын саны 1 миллион 64 адамга жетти. Мындай сан илдетке каршы эмдөө алгандарды эсепке алуу сайтында (vc.emed.gov.kg) айтылат.
Маалыматка караганда, вируска каршы толук түрдө эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 771 миң 694 адамды түзөт.
Илдетке каршы улуттук эмдөө планына ылайык, өлкөдө 3 миллион 400 миң адам коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү зарыл болгон топ катары кабыл алынган. Буга 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана тышкы эмгек мигранттары кирбейт. Демек азыркы тапта толук түрдө эмдөө алгандардын саны 15 гана пайызды түзүп турат. Ал эми биринчи доза менен эмделгендердин көрсөткүчү 21,6 пайыз. Калк арасында вирустун кесепеттерин азайтуу үчүн эмдөө жүргүзүү зарыл болгон топтун эң аз 70 пайызы вакцина алышы керек. Бул 2 миллион 400 миң адамды түзөт.
Белгилей кетсек, октябрь айынын акырында өлкөгө Pfizer вакцинасынын 250 миңден ашуун дозасы алып келинген. Мындан тышкары өлкө аймагында жарандарга Sinopharm, QazVac, AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

