super.kg logo

Чаткалда күйүүчү майдын баасы 75-76 сомго жетти. Маселе жакынкы арада чечилери айтылды

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда күйүүчү майдын баасы бүгүнкү күндө 75-76 сомго жетти. Баанын жогорулашына аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлардын берилүүсүнүн үзгүлтүккө учурашы себеп болду. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктен маалымдашты.

Бүгүнкү күндө аталган райондо 4-5 менчик май куюуучу жайлар иштеп жатканын белгилешет комитеттен.

"Күйүүчү майды Бишкек шаарынан, Жалал-Абад, Ала-Бука райондорунан ташып келишет. Нефтетрейдерлердин Чаткал районунда чоң май куюуучу жайлары жок.

Белгилей кетсек, күйүүчү майды ташуудагы кымбатчылыктан улам Чаткал районунда күйүүчү майга болгон баалар республиканын башка аймактарындагы баалардан айырмаланган. Тагыраагы, айырма 8-10 сомду түзгөн", - дешет маалымат кызматынан.

Жогорудагы маселе Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин көзөмөлүндө. Ишкана көйгөйдү тез арада чечүү боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, күйүүчү май ташыган жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Жакынкы күндөрү Чаткал районуна күйүүчү май ташуу кайра жанданат. Бул кадам баанын төмөндөшүнө, туруктуу болушуна алып келет", - деп кошумчалашты комитеттен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.11.2021. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин жоюп салып, айлыгын жетим жесирлерге берсе пайдалуу болсо керек. Пайдасы жок кызмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: