super.kg logo

Нарында жолдорго 40 тонна инерттик зат чачылып, кооптуу аймактарда посттор уюштурулду

 
Аба ырайынын өзгөрүп, кардын жаашына байланыштуу Нарын облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришкендей, 9 атайын техника тартылып, жолдорго 40 тонна инерттик зат чачылды.
"Кызарт, Долон, Кызыл-Бел, Кара-Көө, Кубакы ашууларында жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда айдоочуларга эскертүү берилип, кооптуу аймактарда посттор уюштурулуп, кырдаал көзөмөлгө алынууда. Ошондой эле унаалардын ортосунда белгиленген 500 метр аралыкты сактоо эскертилүүдө.
Мындан тышкары облустун аймагындагы автобекеттерде жүргүнчү ташыган айдоочуларга дөңгөлөктөрдү алмаштыруу жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: