super.kg logo

Гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-чараларды мамлекеттик деңгээлде өткөрүү маселелери сунушталды

 

Кечээ, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин жыйынтыктоочу жыйынына кеңештин мүчөлөрү, ПРООНдун, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин ишмердүүлүгүнө токтолуп, гендерлик кеңешменин ишмердүүлүгүн күчтөндүрүүдө Жогорку Кеңеш чечүүчү мааниге ээ экенин билдирди. Аялдардын укуктары жана гендерлик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешме, мындан ары алгылыктуу иштерди алып баруу менен мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошорун кошумчалады.

Жыйында Кеңештин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана мындан аркы иш-аракеттеринин пландары, ошондой эле Кеңеш мүчөлөрүнүн мамлекеттик органдар менен өнөктөштүк мамилелеринин маңызы талкууланды.

Жолугушуунун алкагында ПРООНдун «Жарык шооласы» программасынын негизинде ишке ашкан Кыргызстандагы лидер аялдардын биринчи курултайынын жыйынтыгы көтөрүлдү.

Аталган курултай өлкөнүн Нарын, Чүй, Ош облусунун активист айымдарынын катышуусунда өткөрүлүп, гендерлик кеңештин жергиликтүү аймактардагы айымдарды колдоо жана аларга шарт түзүп берүүдөгү иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин комитеттери менен жарандык секторлордун өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстандагы активист айымдардын ролун жогорулатуу балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык абалы, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо, билим берүү, ден соолукту чыңдоо жаатында көйгөйлүү маселелер, ошондой эле ишкер айымдарды колдоо тууралуу маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда курултайдын катышуучулары ички документтерди кайра иштеп чыгуу жана бекитүү, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин кароосуна киргизүү, келечекте гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-чараларды мамлекеттик деңгээлде өткөрүү маселелери сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: