super.kg logo

"Европа бирлиги менен өнөктөштүктү чыңдоо өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири" дейт Акылбек Жапаров

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуу алдыда өтүүчү "Европа бирлиги – Борбор Азия" биринчи экономикалык форумун утурлай Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Европа бир стратегиясын ишке ашыруу алкагында өттү.

Тараптар белгилегендей, өтүүчү форум Европа бирлигинин жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташуусундагы жаңы баскыч болуп саналат.

Европа бирлигинин делегациясы европалык өнөктөштөрдүн аймактагы өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын келечегине кызыкдарлыгын билдирди.

"Форум жыл сайын өтүүчү толук кандуу экономикалык платформа боло алат деп эсептейм. Биз Европа бирлиги жана европа өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани беребиз. Европа бирлиги менен өнөктөштүктү чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат", - деп белгиледи Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле жогорку өкүлгө министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттери жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: