super.kg logo

Бишкекте жаранды бычак менен сайып, ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жаранды бычак менен сайып, ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 02:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Черепки-2 көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен күйөөмдү бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган Т.Г. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 03:00 чамасында арыз ээсинин жолдошу чала тааныш жаран менен уруша кетип, жолдошун курсакка бычак менен сайып, андан ары качканга аракет кылган.

Кызматкерлер чакыруу менен келген ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1990-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергеө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: