super.kg logo

Ноокатта мыйзамсыз сатылып кеткен жер мамлекетке кайтарылды

 

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан социалдык инфраструктура объектисинин мыйзамсыз сатылган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

"2005-жылы "Арал" дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын токтому менен Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн менчигинде турган "Арал" бала бакчасынын 0,18 га болгон жер тилкеси жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Жерди кайтарып алуу максатында көзөмөл органы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо арыздар келтирилген", - деп билдиришти прокуратурадан.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен прокуратуранын доо арыздары толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 3 миллион 75 миң сом болгон 0,18 га аянттагы бала бакчанын жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: