super.kg logo

Эдил Байсалов Борбор Азия өлкөлөрүн биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз өлкөсүндө мындай форум алгач ирет өтүүдө жана ал Кыргыз Республикасы, Европа биримдиги жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоого арналган.

"Жаратылыштык жана адамдык ресурстарга бай Борбор Азия мамлекеттерин айрым алып караганда регион олуттуу мааниге ээ болуусу үчүн анын чакандыгы жана ыраак жайгашкандыгы тоскоолдук жаратат, ошол эле учурда жалпысынан регион катары биз Европа Биримдигине өз көз-карашыбызды сунуштай алабыз. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт", - деди Эдил Байсалов.

Ал белгилегендей, биз күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрүбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздап, жакырчылыкты төмөндөтүп, курч социалдык көйгөйлөрдү чечип, этностор ортосундагы биримдикке өбөлгө түзүп, заманбап дүйнөдөгү башка коркунучтарды жеңип чыгууга, биринчи кезекте биздин өлкөлөрдү климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого жана анын кесепеттерин жумшартууга мүмкүндүк алабыз.

Эдил Байсалов форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгып, иш-чарага катышуучу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оңдуу багытта өнүгүүсүнө жана анын чыңдалышына өз салымын кошот, ошондой эле жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга көмөк берет деген ишенимин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: