Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы өлкөдөгү айрым басылмаларды сотко берди
Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров өлкөдөгү айрым басылмаларды сотко берди. Мындай маалыматты Тайчабаров өзү SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, жалган маалымат тараткандыгы үчүн Кудрет Тайчабаров "Аргумент", "Азия ньюс", "Назар ньюс" жана Gezitter.org сайттарын сотко берген.
"Жалган маалымат жазып алышып эми сотко берсе ыйлактап жатышат. Буюрса, соттон утсак, социалдык тармактагы жалган маалымат таратып, каралап, менин фамилиям менен атымды ар түрдүүчө өзгөртүп жазып шылдыңдагандар да четтен жазаланышат. Бул боюнча мыйзам кабыл алынганын билесиздер да. Буюрса, ошол мыйзамдын аткарылышын текшерип көрөбүз", - деди ал.
Мындан тышкары, ал ютуб каналдарды жаптыра тургандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.