Таласта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сыйланды








7-ноябрь Басма сөз жана маалымат күнүнө карата Талас ОИИБинин жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады. Анда “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, Ардак грамоталар тапшырылды.
Талас ОИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, башкармалыктын жетекчиси Марлис Асанов журналисттерге белектерди, ыраазычылык каттарды, грамоталарды, төш белгилерди тапшырып, келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктады.
"Илим технологиясынын өнүгүүсү күчөп жаткан учурда сиздер аркылуу журттун калың катмарына маалымат жеткирип жатабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуп кылмыштуулук менен күрөшүп, алдын алуу иштерди аткаруудабыз. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарыбыздын маданий жана рухий өнүгүүсүнө таасир этсе болот. Алдыда дагы коомго пайдалуу көп иштерди аткарып, бирге элге кызмат кылабыз", - деди Марлис Асанов.
Сыйлык алган облустук “Талас байрагы” гезитинин жамааты, Талас облустук медиа борборунун, "Ала-Тоо" телеканалынын кызматкерлери жана жергиликтүү маалымат сайттардын өкүлдөрү ыраазычылыктарын айтып, алдыда мамлекеттин өнүгүүсүн максат кылып, бирдикте маанилүү жана алгылыктуу иштерди аткарарын билдиришти.

