super.kg logo
  Спорт  

Белград: "Керемет". Айбек Токтогул уулу учурдагы Европа чемпионун жеңди

 

Бүгүн, 5-ноябрда Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да уланды.

Бул Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан Айбек Токтогул уулу алгачкы жүрүшүндө украиналык Эрик Арушанян аттуу балбан менен кез келди.

Эки балбан мыкты беттеш тартуулап, беттеш 4:3 эсебинде кыргыз балбандын пайдасында аяктады.

Муну менен Айбек Токтогул уулу Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.

Түбү армениялык болгон 22 жаштагы Эрик Арушанян 2020-жылы Европа чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. Ошондой эле 23 жашка чейинкилер арасындагы Европанын учурдагы чемпиону.

Беттеш бүткөндөн кийин кыргыз балбаны калыстарга нааразы болуп кетип бара жаткан атаандашына барып кол алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: