super.kg logo

"Наркоз үчүн бейтаптан акча алган". Ошто райондук оорукананын дарыгерине эскертүү берилди

 
Ош облусунун Кара-Суу районундагы аймактык ооруканда текшерүү болуп, дарыгер бейтаптан акча алганы аныкталды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашат.
Маалыматта өлкө башчынын облустагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына текшерүүгө барганы айтылат.
"Рейд учурунда оорукананын төрөт бөлүмүндө операция жасалган бейтаптан наркоз үчүн дарыгер акча алганы аныкталды. Данияр Жаныкулов наркоз үчүн акча алган дарыгерге эскертүү берип, бейтаптын акчасы кайра кайтарылды.
Ошондой эле Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын ашканасы, оорукана аймагында иш жүргүзүп жаткан дарыканалар текшерилди", - дешет маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
06.11.2021. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ноокатта да болсо экен текшерүү. Дары дармектен уколду сайганы кымбат ФАПтарда.
Sofiya05 түзөттү 2021-11-06 05:33:24
06.11.2021. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Наркозго дайым эле акча алышат го, Кызыл-Кыяда да алат
06.11.2021. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дайыма эле алышат
06.11.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бардык жерде эле алса керек,фапта капельницага 50с жонокой уколго 20с алат.
Gulina00 түзөттү 2021-11-06 09:38:32
06.11.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulina00, биздин ФАП та 100 сомдон 120 сомго чейин саят экен
06.11.2021. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Наркозго акча алган жанылык болуп калды беле?
06.11.2021. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бекер сайган наркоз жок болсо керек, врачтар дагы чыгат экен да эми айлыгыбыз аз деп. Текшере берип шабашка жок чөнтөктөр бош болуп жатат деп. Анан эмне үчүн эскертүү берет, кылганын кыла берет да кийин деле. Пусть башка больницалар да бекер кылсын, ошолорду текшерсин. Эмне сөзсүз уколдун же башканын бекер экенин билген адамдын жакыны ооруп жатмайынча билбеген бей бечараларды соро беремейби. Билсин баары укугубуз бирдей эмне жашырышат, роддомдо сүйүнчү, көрүндүк доолагандарга айып салыш керек.
06.11.2021. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне экинчи этияттап ал деп эскертүү берилдиби андай адамды иштен алып же алган парасынан он эсе жогорку өлчөмдө штраф төлөтүш керек болчу кечээ эскертүү алса бүгүн кайра алып баштайтта андай жүзү жоктор
06.11.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоо алдындагы показуха.
06.11.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечээ жакында операция болдум тишим ооруп, акча бербей ызылдаштым эле,зав.отделение Эшимов деген озу бересин дебедиби акча...Акча бербей качып кетбесин карагыла деп медсестра ларга дайындаганынан толошко туура келди... Могу доказать есть видео факты ... Ош обл.больница челюстно лицовой отдел
06.11.2021. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч жыл мурун Бир кундук балам операция болгон наркоз учун деп акча алган
07.11.2021. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Наркозу жок торосо деле роддомдон алышат. Кечээ жакында келиним тороду, эми суйунчу деп сурагандан, иним 1мин сом берсе, дагы бер башкалар менен болушом деп сураптыр, дагы 1мин сом берсе, келинге барып акчан барбы деп андан да сураптыр, келин куйоом берген жокпу десе, берди, бирок санитаркалар менен болушом да дептир. Канча акча алсанарда тойбойт экенсинер, болгонуна Альхамдулиллах десенер боло. Мен болгондо жанында 1сом да бербейт элем.
07.11.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jolin, Сүйүнчү бербесең, карабайт, калдык калса да, канчалык оор болсоң да көңүл бурушпайт.... Бизде колуңа карап мамиле кылып калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: