super.kg logo

Министр Улан Ниязбеков Венада өткөн жыйында баяндоо жасады

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын 15-жыйынына катышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Австриянын Вена шаарында өткөн улуттук азчылыктар боюнча 15-конференцияда дүйнөдөгү улуттук азчылыктардын көйгөйлөрү талкууланды.

"Анда Улан Ниязбеков баяндоо сөзү менен чыгып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги этникалык азчылыктардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча көрүп жаткан чаралар жана алар менен туруктуу негизде улуттар аралык жаңжалдарга бөгөт коюу иш-аракеттери тууралуу маалымдады.

Мындан тышкары Улан Ниязбеков министрлик коомчулук менен, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашаган этникалык азчылыктардын өкүлдөрү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат деп ишендирди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: