Өлкөдө көмүрдүн баасы 10 пайызга жогорулады
Республикада 4-ноябрга карата бир тонна көмүрдүн баасы 5 миң 720 сомду түздү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, көмүргө болгон баа октябрь айына салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда 10,4 пайызга жогорулады.
"Эң жогорку баалар Ноокатта бир тоннасы үчүн 9 миң 874 сом, Баткенде 9 миң 718 сом, Исфанада 8 миң 746 сом экени белгилүү болду.
Ал эми төмөнкү баалар Чаек айылында бир тонна үчүн 3 миң сом, Балыкчы шаарында 4 миң сом, Нарын жана Кара-Балта шаарларында 4 миң 500 сом болгону байкалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
Октябрь |
4-ноябрга |
Четтөө: Өсүү (+), төмөндөө (-) (2021 ноябрынын 1 жумасы 2021-октябрына) |
|
Кыргыз Республикасы |
5 181,8 |
5 720,5 |
538,7 |
Каракол ш. |
6 113,4 |
6 962,4 |
849,0 |
Балыкчы ш. |
4 000,0 |
4 000,0 |
0,0 |
Кербен ш. |
5 999,2 |
7 423,1 |
1 423,9 |
Токтогул ш. |
6 062,2 |
5 947,1 |
-115,0 |
Жалал- Абад ш. |
5 857,8 |
6 738,7 |
880,9 |
Чаек а., Жумгал району |
3 000,0 |
3 000,0 |
0,0 |
Нарын ш. |
4 200,0 |
4 500,0 |
300,0 |
Исфана ш. |
8 365,0 |
8 746,4 |
381,4 |
Баткен ш. |
9 344,7 |
9 718,8 |
374,2 |
Кара-Суу ш. |
7 000,0 |
6 700,0 |
-300,0 |
Ноокат ш. |
9 794,9 |
9 874,2 |
79,3 |
Өзгөн ш. |
5 738,8 |
6 246,7 |
507,9 |
Покровка а., Манас району |
5 300,0 |
5 500,0 |
200,0 |
Талас ш. |
5 692,1 |
6 387,5 |
695,4 |
Кара-Балта ш. |
4 500,0 |
4 500,0 |
0,0 |
Токмок ш. |
4 598,9 |
4 695,7 |
96,8 |
Бишкек ш. |
4 558,5 |
5 213,1 |
654,6 |
Ош ш. |
6 763,5 |
6 798,0 |
34,5 |
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө баанын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын апта сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.



1 |