super.kg logo

Юрий Бобковдун эки бутуна операция жасатуу талап кылынууда

 

Легендарлуу "Досум Үсөн" ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынууда. Операциянын баасы 8000 долларды түзөрүн ырчы Анжелика социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Эки күндөн кийин Юра байке (ред.: Бобков) Түркияга саламаттыгына байланыштуу кетет. Биз чыгармачылыктагы өкүлдөр колубуздан келишинче каражат чогултуп, аракет кылдык. Бирок эки тизесине операция жасалат, дарылануу дагы керектелет.

2015-жылдан бери Юрий Бобков тизе муун оорусу менен ооруп келет. Ал 27 жыл мурун кабылган авто кырсыктан эки тизеси катуу жабыркап, көп жылдан бери азабын тартып жүрөт. Ошол оорунун кесепетинен эки тизедеги ашташкан муундарды жасалма муунга алмаштыруу зарылчылыгы пайда болду. Тизелери ооруп баса албай, балдакчан жүрүп калды. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн көптөн-көп сураныч, акча каражаттан жардам берүүңүздү өтүнөм", - деп айтылат билдирүүдө.



Жардам берүүнү каалагандар:
Элсом – 0708-606870
Элкарт (KICB) – 9417 0100 3389 9219
Номер банковского счета: 1091822000180171
Лицевой счет: 41718024103





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.11.2021. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аты чыгып калган ырчылар ар бириң тойдо, башкасында жок дегенде 1000$га ырдайсыңар,алган машина, үйлөрүңөрдү көрсөтүп болбойсуңар жөн эле, анан 8000$ табалбай элге кайрылгандан уялбайсыңарбы. Ю. Бобковдун эмгеги чоң, элден сурабай өзүңөр эле топтоп берип койсоңор болот го элге билгизбей, созсүз ушуну да пиарлап калыш керек да Анжелика.
06.11.2021. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бобков бай го аябай.бир машинасын сатпайбы
06.11.2021. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: