Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Эрназар Акматалиев финалга чыкты.
Акматалиев килем үстүнө 5-ноябрда чыкты. Ал кармашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде грециялык Кристос Кристофоридисти 12:2 эсебинде жеңди. Андан соң чейрек финалда ирандык балбан Алиакбар Алиасгар Фазлыкхалыны 10:6 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Акматалиев азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Финалдык беттеште Акматалиев армениялык Вазген Теванян менен күч сынашат. Бул кармаш эртең, 6-ноябрда өтөт.
Эскерте кетсек, буга чейин Эрназар Акматалиев октябрда Норвегиянын Осло шаарында өткөн чоңдор арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
6

Ерназар
КЫРГЫЗСТАНды ДУЙНО ЖУЗУНО таанытып, Желегин Желбиретип,КЫРГЫЗСТАНдыктардын Журогун Элжиретип,Жеништерден Женишке Жеткенинерге Кубанам Жана Сыймыктанам!!
АЛГА КЫРГЫЗСТАН)))