"Эмдөө тажрыйбасын иликтөө үчүн". Эдил Байсалов вакцинация багытында ийгилик жараткан Нарын шаарына баруу ниетин билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Анда республиканын аймагындагы калкты COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү маселеси талкууланганын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан белгилешти.
"Эдил Байсалов вакцинанын биринчи дозасын тургундардын 70 пайызы, ал эми экинчи дозасын 61,5 пайызы алган Нарын шаарына ыраазычылык билдирди. Ал эмдөө багытында ийгилик жараткан Нарын шаарына вакцинациялоо жүргүзүү тажрыйбасын иликтөө максатында баруу тууралуу ниетин билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары республиканын башка райондорун жана облустарын салыштырууда андагы көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктарды белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.
Ыкчам штабдын онлайн режимдеги кеңешмесинин жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары келип түшкөн вакциналардын дозасын өлкө аймактарына жеткирүү боюнча логистика маселесин талкуулады.

