super.kg logo

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк бажы уюмунун катчысын кабыл алып, зарылчылык тууралуу айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы тармагында IT-технологияларды ишке киргизүү жана аны өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул туурасында ал Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия менен жолугушуусунда айтты.

"Учурда биз бажыда DATA-аналитиканы кошо алганда, IT-технологияларды активдүү киргизүүдөбүз. Муну эске алуу менен бизге натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөгө жөндөмдүү заманбап программалык камсыздоо зарыл. Бул абдан маанилүү, себеби товарды бажылык тариздөө канчалык тез ишке ашырылса, товар буйрутма берүүчүгө ошончолук ыкчам жеткирилет", - деди Жапаров.

Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия бажы процедураларын санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларды колдоого алды.

"Кыргыз Республикасы коюлган милдеттерди ишке ашыра алат деп ишенем. Ошол эле учурда бизнестин бажы кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү маселесине басым жасоо зарыл. Бардык тараптар тыгыз аракеттенүүдө иш алып барууга тийиш", - деди Кунио Микурия.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар кыл мамлекеттердин бажы органдарынын бири-бири менен өз-ара аракеттешүүсү, экспорттун, импорттун эсепке алуу методологиясын унификациялоо, Кыргыз Республикасын Кытай менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрү менен байланыштыруучу ири транзиттик хаб катары өнүктүрүү жаатындагы маселелер тутумун талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: