super.kg logo

Ресепшн, уктоочу бөлмө, ашкана жана башкалар каралган. Чүйдө мульти-диагностикалык мобилдүү клиника ачылды (сүрөттөр)

 

Чүй облусунун Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылыш аземи болду. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров, жергиликтүү тургундар, дарыгерлер, ардагерлер жана Кемин районунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышканын президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жүк ташуучу унааларга орнотулуп, 8 бөлүктөн (трейлерлерден) турган мобилдик клиниканы карап чыкты. Алар медицина кызматкерлеринин жашоо-шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган. Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында компьютердик тамограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат өңдүү заманбап медициналык жабдуулары менен бөлүм бар. Мындан сырткары биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лаборатордук жабдуу, хирургия бөлүмү, "Тез жардам" унаасы бар. Клиниканын дарыгерлери алдыдагы 5 жылда Кемин районунан баштап өлкөнүн бардык аймактарына барып, жергиликтүү тургундарды кароо, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарын акысыз көрсөтүшөт.

Мобилдүү медициналык клиникаларды даярдоо жана алып келүү боюнча долбоорду ишке ашырган Ислам өнүктүрүү фонду менен "Фаель Хаир" кайрымдуулук фонду ошондой эле, логистика чыгымдарын, күйүүчү май, окутуу, медициналык жана техникалык персоналдын тамак ашы менен эмгек акысын, дарыларды жана башкаларды каржылап берет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2021. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларды иштеткенге билимдүү врачтар болсо эми. Акча сурап,канып силкпей мамиле кылган .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: