super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Лейлек РЭСи: "Түнкүсүн электр жарыгын өчүрүү өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлүп жатат"

 

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Лейлек районунун Катран айылынын тургуну кайрылып, эки күндөн бери электр жарыгы жок отурганын айткан. Андан тышкары 3 айдан бери түнкү саат 1ден таңкы саат 5-6га чейин жарык өчүрүлүп келерин кошумчалаган.

Аталган маселе боюнча Лейлек райондук электр станциясына байланышканыбызда, азыркы саатка карата электр жарыгы үзгүлтүккө учураган айылдарга жарык берүү калыбына келтирилгенин билдиришти.

"Электр жарыгы Катран айылында 5-ноябрда саат 11:30да өчүп, саат 19:27де кайра берилген. Ал эми Өзгөрүш айылында 5-ноябрда саат 23:12де өчүп, бүгүн, 6-ноябрда саат 13:13тө кайра күйгөн. Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына бак-дарактар кулап, электр зымдарынын үзүлүүсү себеп болгон", - дешти мекемеден.

Ал эми 3 айдан бери түнкүсүн болуп жаткан өчүрүү боюнча буларга токтолушту.

"Өкмөттүн 2020-жылдагы токтомуна ылайык, июль айынан тарта сууну үнөмдөө, буга чейин жогорку чыңалууда иштеп келген электр жабдууларына күч келтирбөө, калыбына келтирүүгө жана көрсөтүлгөн чекти сактоо максатында электр жарыгы өчүрүлүп келет", - деп түшүндүрүштү.

Лейлек РЭСи жылуу мезгилдеги бак-дарактарды пландык кыюу учурунда тургундар тоскоолдук кылып, бактарды кыркууга уруксат бербей коюшарын айтат. Анын кесепетинен катуу шамал, нөшөрлүү жаан, кар калың жааган учурда бак-дарактар кулап, авариялык абал жаралат деп белгилешет. Мындан улам жашоочуларга пландык иштерди аткарууда түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
06.11.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Үч айдан бери свет өчсө, анда кайра эле президенттин шалаакылыгы, тормоздугуда. Садыр сенда жарабадың, күн ысыкта да свет өчүрүп элди кыйнаганыңар, бул жеткен ахмактыгыңарда!
06.11.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bishkek-Kg,ахмак эмес акмак туурасы,сен дайыма ушундай жазасың
07.11.2021. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Свет очпойт деп актанганы менен,кайра эле светти очуруп элди кыйнап жатат бул шакал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: