super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Венгрия спорт тармагында кызматташат

 
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосунда спорт тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Меморандумдун максаты - дене тарбия жана спорт тармагындагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүүгө багыт алуу деп кабарлашат министрликтен.
Тараптар мамлекеттик спорт уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана төмөнкү багыттар боюнча спорт федерациялары менен башка спорт ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты колдоого алат.
Алар Улуттук спорт, массалык спорт, паралимпиадалык спорт, спорт илими жана билим берүү, спорттук технологиялар жана спорт инфраструктурасы, спорттогу допингге каршы күрөш, ири спорттук иш-чараларды өткөрүү, балдар жана жаштар спорту жаатында болмокчу.
Эки өлкөнүн спорт жаатында кызматташуу маселелери ар тараптуу талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: