super.kg logo

"Электр энергиясын, жаратылыш газын ташуу маанилүү". Кыргыз-Түркмөн кызматташтыгы боюнча маселелер талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстанды Борбор Азиядагы маанилүү экономикалык өнөктөш катары саналарын белгиледи. Бул туурасында ал "Европа биримдиги – Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугушуусунда айтты.


"Бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыктын, анын катарында энергетика жана транспорт тармагындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү канааттануу менен белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык", -
деди Акылбек Жапаров.

Түркмөн тарап кыргыз-түркмөн кызматташтыгына жана эки эл ортосундагы бир туугандык достук байланыштарды чыңдоого сапаттуу жана жаңы дем берүүдө Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапарынын маанилүү ролун белгиледи.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода көрсөткүчтөрүнүн өсүүсү байкалып жаткандыгына канааттануусун билдирди, бул өз ара сооданы жогорулатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү далилдейт.

Энергетикалык кызматташуу жаатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына ташылып жаткан түркмөн электр энергиясынын, анын катарында түркмөн жаратылыш газын ташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары сүйлөшүүлөр алкагында биргелешкен Кыргыз-Түркмөн фондун түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү маселеси талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
07.11.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Президентибиз азамат!
07.11.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жапаровду колдойлу баарыбыз бирге!
07.11.2021. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алга Садыр Нургожоевич!!!
07.11.2021. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Президентти каралагандардын артында НПОлор турат!
07.11.2021. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Президентибиз жакшы иштерди аткарып жатат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: