super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кечинде күн сайын 3 саат электр жарыгы өчүрүлүп жатат" дейт Өзгөндүн тургуну

 

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды.

Окурмандын айтымына караганда, аталган аймакта электр жарыгын кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин өчүрүү болууда.

"Куршаб айылына караштуу Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө, Гүзар айылында кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин электр жарыгын өчүрүү болуп жатат. Кыш кирип келди. Аба ырайы суук, жаш балдар ыйлап жатат.

Президент Садыр Жапаров, энергетика министри электр жарыгы өчүрүлбөйт деген эле.

Буга байланыштуу тургундар Ош-Бишкек жолун тосуп митингге чыгабыз деп жатышат", - деп билдирди окурман.

Ошондой эле ал тиешелүү мекемеден эмнеден улам электр жарыгын өчүрүү болуп жатканын тактап берүүнү өтүндү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
08.11.2021. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенирге кочуп барсанар, ал жакта очпойт
08.11.2021. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газар эмес Гузар болсо керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: