super.kg logo

Бишкектеги желим чыгаруучу заводдон чыккан өрт: Бир адам ооруканада

 

Бишкек шаарындагы "Ак-Тилек" желим чыгаруучу заводдон чыккан өрттүн кесепетинен эки адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыр тарткандардын бири Бишкектеги №4 шаардык ооруканага жаткырылган, анын омурткасы сынган. Ал эми экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылган, учурда амбулатордук дарыланууга үйүнө чыгарылды.

Буга чейин Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан желим чыгаруучу заводдон өрт чыккан. Анда өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа, штаб жана 5 куткаруучу, бир ыкчам топ тартылганы маалымдалган.

Өрт саат 22:37де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзөт. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: