super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөндөгү айылдарда электр жарыгы эмнеден улам өчүп жатканы белгилүү болду

 

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды. Окурман аталган аймакта кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин, тагыраагы 3 саат электр жарыгын өчүрүү болуп жатканын айткан.

Бул маселе боюнча Өзгөн райондук электр станциясына байланышканыбызда, электр жарыгы авариялык негизде өчкөнүн айтышты.

"Аталган айылдарда авариялык өчүрүүлөр болгон. Ал жерде бир бригада иштеп, бүгүн оңдоп бүттүк.

Бизде трансформаторлорго (перегруз) күч келген кезде көтөрө албай калууда. Ошондо жарык өчүп калып жатат. Эл бул убакытта электр энергиясын көп колдонот.

Мындан ары электр жарыгы өчпөйт деп кепилдик бере албайм. Себеби авариялык өчүрүүлөр болуп калышы мүмкүн", - деп билдиришти Өзгөн райондук электр станциясынан.

Ошондой эле алар ноябрга чейин электр чубалгыларын оңдоп-түзөөдөн өткөргөндүгүн кошумчалап өтүштү.

"1-ноябрга чейин трансформаторлорду алмаштырып, оңдоо иштери жүргүзүлгөн", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: