super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Кечеде көмүрдүн тоннасы 1 миң 350 сом. Айдоочулар бизге 5 миң 500 сомдон сатып жатат" дейт көмүр сатуучу

 

"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, видео жолдоду. Өзүн көмүр сатам деп тааныштырган окурман шаарда көмүрдү сатуучулар эмес, көмүрдү алып келген айдоочулар эч себепсиз кымбаттатып жатканын айтты.

"Мен шаарда көмүрдү дүң баада алып, элге сатам. "Кара-Кечеде" көмүрдүн тоннасы 1 миң 350 сом. Айдоочулар ал жерден ошол баада алып келип, бизге дүң баада 5 миң 500 сомдон сатып жатышат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүр саткандарга 4 миң 500 сомдон ашырбагыла деп айып пул салып жатат. Айдоочулардын болгон шылтоосу күйүүчү май кымбат деп жатышат. Алар бир көмүр алып келгенде эле чыгымынан тышкары 70-80 миң сомдой калат экен. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүр саткандарды эмес, Жумгалдан көмүр алып келген айдоочуларды көзөмөлгө алса жакшы болмок. Биз деле элге көмүрдү арзан эле баада саткыбыз келет. Ортодо эл гана кыйналып жатат", - деп билдирди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Көмүрдү айдоочулар кымбаттатып жатат" дейт окурман

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.11.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камазистер 5500 дан сатып атышат
09.11.2021. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5800 дон алдык. Жеткирип бергени 1800 сом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: