super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Лейлекте түндө электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Анын себебин түшүндүргөн эч ким жок" дейт окурман

 

Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, аталган аймакта электр жарыгын өчүрүүлөр болуп жатканын билдирди.

Анын айтымына караганда, Лейлекте күн сайын түнкү саат 1:00дө электр жарыгы таңкы саат 5:00гө чейин өчүк болот.

"Мен Лейлек районунун тургуну болом. Бизде Лейлекте күн сайын түнкү саат 1:00дө электр жарыгы таңкы саат 5:00гө чейин өчүк болот. Азыр аба ырайы суук, жаш баласы барлар суукта кыйналып жатышат. Жарыктын өчүрүлгөнүнүн себебин түшүндүргөн эч ким жок.

Лейлек району боюнча абал ушундай", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
09.11.2021. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жакшы болот кыргыздардын саны коп болот. Тунку саат 5ке чейн светтин кереги деле жок
09.11.2021. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Muratmipa,Туура кыргыздын санын көбөйтүш керек! Жапаровдун бул саясаты жакшы!
09.11.2021. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Президентти каралагандардын артында НПОлор турат!
09.11.2021. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чыдап туралы баарыбыз
10.11.2021. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койчу тууган. Түшүндүргөнгө эмне? Суунун жетишсиздиги болуп атат. Ошого чектөө бар. Мен Кара-Булактан болом. Бизде деле өчүп атат. Лейлекте Сүлүктү көмүр бар. Токко эмес көмүргө расчет ал. Кундуз очпосо болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: