super.kg logo

Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысын кабыл алды

 

Бүгүн, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына аталган кеңештин алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров Түрк кеңешине катышуучу өлкөлөрдүн интеграциялык процессинде жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги ролун баса белгиледи. Ал Кыргыз мамлекетинин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров алдыда өтүүчү саммит, Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин билдирди.
Багдад Амреев кезектеги жыйынга даярдыктардын жүрүшү жана талкууга алына турган күтүлүүчү маселелер тууралуу кеңири айтып берди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кеңештин Инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
08.11.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: