"Киши колдуу каза болуптур". Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 58 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 58 жаштагы Саттар Асылбаев 23-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын жансыз денеси табылганы кызы Мээрим тарабынан белгилүү болду.
"Атам киши колдуу каза болуптур. Ал башы жабыркап, кабыргалары сынган абалда талаадагы чуңкурдан табылды. Атамдын жансыз денесин койчу көрүп калыптыр", - деди ал.
Белгилей кетсек, Саттар Асылбаев 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине байланышка чыгып, андан кийин телефону өчүк болуп калган. Андан кийин издөө иштери жүргүзүлүп жатканын, бирок жыйынтык болбой жатканын Мээрим айым айтып кайрылган.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
juka82

09.11.2021. 16:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакындарына сабыр,аман-эсен табылып, кайтып келсе экен дегем.
KG-312

10.11.2021. 15:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичкиле дагы, ичимдиктин натыйжасы ушул эле, башка натыйжасы жок!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.