super.kg logo

Садыр Жапаров Энергетика министрлигинин 140 миллиард сомго жакын карызы бар экенин айтты

 
Президент Садыр Жапаров коомдо талкуу жаратып жаткан электр энергия маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
"Коомдо катуу талкуу жаратып жаткан электр энергия маселеси боюнча түшүндүрмө жана толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Антпесем мени келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз социалдык түйүндөрдөн түшпөй жатышат.
Акыркы он жылдан бери бир дагы ГЭС салынган эмес. Суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алып турушкан. Кыргыз өлкөсү үчүн бул өтө уят иш. Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатты беш сомдон алышып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте, беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек... Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир?
Ошентип жеп келишип энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан. Бүгүнкү күндө мына ушул сумманы Энергетика министрлиги ички жана тышкы булактарга карыз. Бул деген "банкрот" дегенди билдирет.
Былтыр мен ишке жаңы киришкенде энергетика системасынын абалын көрүп алып төбө чачым тик турган. Ошондо эле Энергетика министрлигине мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар, импортту беш сомдон алууну токтотобуз деп тапшырма бергем.
Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз же өзүбүздөн иштеп чыгабыз. Мына бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык", - деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров жакынкы жылдары энергетика системасы кризистен чыгарын белгилеп өттү.
"Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак" кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт. Анча-мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз", - деди президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
09.11.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Туура эле айткан, жанагы көмүр жаккысы келбей, электирге үйрөнүп калгандар эле айтып атат муну, кичине аракет кыдып көмүр жагып, электирди экономдоп турушубуз керек чындыгында!
09.11.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Домдо жашагандар кантип комур Жагат ал жагаында ойлонуш керек да
09.11.2021. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азр айылга барсан деле уйлорду жылуу пол кылышып, комур жаккысы келбейт. Домдордо эми отопление бар, мындай жер уйлор бир эконом кылып комур жагып, мамлекетке куч келтирбей, бир аз туура тушунуп турсак. Балким бул кыш оор болуп, чондорго сабак болуп, кийинки жылга жакшы даярданышып, келээрки кыш женил болоор...
09.11.2021. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ala.too.456,30-жылдан бери чыдап келе жатат эл,сууну сатканды токтотпосо,жылдан жылга хуже боло берет,көзөмөлдөгөн эч ким жок,анан чыдагыла деп коюуш оңойда,чоңдоруңа сабак болбойт,элди ойлогон адам жок,кыш суук болобу,жеңил болобу,эптеп чөнтөктү толтуруш керек,колуңардан келгенин кылгыла,свет өчөт дептир
09.11.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул сумманын 100 милиарды чиновниктерде болсо керек канча миңдеп төлөбөй жүргөндөрдө
09.11.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билип билбей, тушунуп тушунбой кошомат кыла беришет. Садырынар элди ойлонону чын болсо 300-500 мин доллар коротуп Глазгого барат беле? Чириген бай Кытай менен Россиянын лидерлери Глазгого барбай эле, онлайн катышып соз суйлошту. Садыр элди ойлогону чын болсо ошол акчага Бишкектин жака белинде квартиралап кун кечирген кеминде 3000 уй-булого 2 тоннадан комур алып берсе болмок......
09.11.2021. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal3, Ушу сенин оозундан жакшы соз чыкбадыда. Акылын жетбесе деле суйлой берет экенсин. Мне Глазгого барып ойноп келиптирби? Эртен эле былжырап чыгасын, Бишкекти тутун басты, Садр каякты карап атат -деп. Глазгодо ото кучтуу мамлекеттердин башчылары менен жанаша жургону жаман нерсе эмес. ГЭС куруу учун инвестиция тартуу боюнчада сунуштарын берип, кээ бир олколордун конулун буруп келди
10.11.2021. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ala.too.456, Бишкекти тутун басса, ошонун себептерин иликтоо керек, эмнеге мындай болуп жатат деп. Туш келди имараттар курулуп жатат, шамалдын жолу буулуп, бул бир. Экинчиден аймактарга конул болунбой, аймактар онуктурулбой, эл Бишкекке конуш которуп жатат бул эки, учунчудон унаа кобойду, бул уч, тортунчудон каяктагы чупурок, балон ж.б. отко жагып жатышат, бул торт. Мына ушулардын устундо иш алып барса Бишкек смогдон арылат. Ушуга башы жетпесе президенттикке балээ барбы?!
09.11.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кустуруп жатам дейт, кана кустурганы? Ошол энергетика тармагында миллиарддарды сугунуп жургондордун бири Сайдилла Авазов абактан чыкты, кана, канча кустурду? Бишкек ТЭЦти реконструктризациялоодо кеминде 100-200 миллион долларды жегендер Окмотко канчасын кусту? Хотя бы жарымын кустура алдынарбы?! Жок! Жапаровунар куру популист болуп эле суйлой берсе, куноону башкаларга оодарып... Озу бир жыл ичинде эмнени кыйратты?!
Antiradikal3 түзөттү 2021-11-09 15:02:40
09.11.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир жылда баары озгорушу кыйын нерсе, Antiradikal3,га окшогон Эл бузарларга конул бурбагыла демекчимин! Глазгого барганы бул дуйно элине Кыргызстанды таанытуу"конул бурдуруу" болуп эсептелет! Айтаар элем сага Antiradikal3, Адахан Мадумаровго ыйман,тазалык,тартип дейсинер! Кана силерде ушулардын бироосу жок. Нуржигит Кадырбековдой болгула силер! Ыйманы бар киши ушул кишидей, бироонун бетин тыткылабайт, гыйбат кылбайт! А силер болсо чётко бир сунушбербей, ал жаман бул жаман дейсинер! Буз
10.11.2021. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ela93, Кошоматчылардын жомогу, бир жыл аз убакыт деген. Жапаров озу бир жыл сураган элден. Бир жылда коп нерсе озгорот деп. Бир жылда болгону куда-соок, окул балдар кызматка келди. Болгону ошол. Баягы эле кымбатчылык, жумушсуздук, маяналардын аздыгы, кендирди кескен жокчулук...

Жапаров аван Глазгого барып эмнени кыйраттты,айтчы?! Декламациясын окуду, суротко тушту, болгону ошол. Дуйно лидерлери арты менен кулгон чыгаар, итке минген кедей олконун лидери самолет жалдап келди десе...
10.11.2021. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal3,ойлонуп суйлочу жон койсо жугундукор тиги,бул деп элдин баарын кемсинтесин. Биз сага эч жамандык кылбадык Садырга, Камчыга шыбайсын жакшы коментарий жазгандын баарын.. Сендейлер онуктурбойт озун да озгону да!
09.11.2021. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Доскулду жейлиби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: