super.kg logo

Санкт-Петербургда 26 Кыргыз жараны убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Анын төртөө мекенге кайтарылат

 
Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда бүгүнкү күндө 26 Кыргыз жараны кармалууда. Алардын төртөө бүгүн, 9-ноябрда мекенге жөнөтүлөт дешет Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен.
Маалым болгондой, 8-ноябрда элчиликтин канцеляриясынын кызматкерлери кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунун (Красное Село) Башкы башкармалыгынын №1 чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты.
"Борбордун өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн соңунда коронавирус инфекциясынын жайылышына карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу административдик чыгарууну күтүп жаткан Кыргыз жарандары менен тар чөйрөдө жолугушуу уюштурулду. Баарлашуунун жүрүшүндө консулдук кызмат боюнча айтылган бардык суроолорго элчиликтин канцеляриясы тарабынан толук жооптор берилди.
Ошону менен бирге Санкт-Петербургдун диаспорасынын активисттери тарабынан Кыргыз жарандарына азык-түлүктөр берилди.
Учурда аталган убактылуу кармоочу жайда 26 Кыргыз жараны бар, алардын ичинен төртөө мекенге жиберилет", - дешет мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: