Жаңы керебеттер коюлуп... Лейлектеги абалы "мышык ыйлагыдай" оорукана оңдолууда










Эсиңизде болсо буга чейин социалдык тармактарда Лейлек районундагы оорукана деген сүрөттөр талкуу жаратып, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Андан соң аталган оорукана Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашканы жазылган. Учурда ал оорукана оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Алимкул Абдиевге байланышканыбызда айтты.
"Ооруканада оңдоп-түзөө иштери аягына чыгайын деп калды, 898 миң сомго чатырын алмаштырдык, 492 миң сомго жаңы трансформатор орноттук. Ошондой эле имараттын ичин оңдоп-түзөөгө керектүү материалдарды 70 миң сомго сатып алдык", - деп билдирди Абдиев.
Белгилей кетсек, аталган оорукана боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирүү таратып, 2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтышкан.





1 |