super.kg logo

КМШ миссиясына Кыргыз мамлекетиндеги парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги миссиясынын өкүлдөрү КМШ Аткаруу комитети бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк жана КМШ Аткаруу комитетинин кеӊешчиси Олег Кулеба менен жолугушту. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

БШК төрайымы 28-ноябрга белгиленген алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, республиканын шайлоо тутумун реформалоонун жыйынтыгы, Кыргыз мамлекетинин шайлоо мыйзамдарындагы жаӊылыктар тууралуу айтып берди.

Негизги басым 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин өтүүчү үгүт өнөктүгүнө жасалды. Учурда эӊ маанилүү үгүттөө этабы – дебаттардын мезгили. Аймактык телеканалдарда биринчи жолу 36 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча теледебаттар өтөт. Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү, анткени сурамжылоолор боюнча шайлоочулар талапкерлер тууралуу маалымат алуунун негизги булагы катары дебаттардан көптү күтүшүүдө.

Учурда БШКга бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү, алардын айрымдары кайталанды. Округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, бардык деӊгээлдеги укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камтылган ыкчам чара көрүү топтору иштейт. Бул комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын карым-катышын камсыздоого мүмкүндүк берет, келип түшкөн сигналдардын баары катчылыкта иликтөөгө алынат, бузуулар болгон жер боюнча сигналды карай турган органдын компетенциясы аныкталат, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат катчылыкка берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: