УКМК: "Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун лидери кармалды"
Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, түштүк аймагы боюнча "Хизбут-Тахрир" уюмунун лидери аталган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
"4-ноябрда Өзбекстандагы "Хизбут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жооптуу адамы, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында "Хизбут-Тахрир" түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн. Өзбекстан Республикасы тарабынан издөөгө алынган Ш.Ш. аттуу жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды. Такталган боюнча, кармалган Ш.Ш. жасалма документи менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды. Топтолгон далилдердин негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ш.Ш. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

