super.kg logo

Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинети тарабынан шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу улантылууда.

Акылбек Жапаров өз билдирүүсүндө эскерткендей, президент Садыр Жапаров 1-ноябрда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

"Мамлекет башчынын жарлыгын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинети тарабынан иш-чаралар планы иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине багытталган.

Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган.

Акылбек Жапаров билдиргендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

- Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

- Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

- Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

- Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматтан алынды;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Ош шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды.

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар президенттин жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот.

Мен муну министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси катары талап кылам", - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: