super.kg logo

Азербайжан тарап кыргыз студенттери үчүн квоталарды бөлүү жөнүндөгү пунктту кайра карап чыгат

 
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрлеринин 6-жолугушуусунун жана Түрк академиясынын илимий кеңешинин 4-отурумунун алкагында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Азербайжандын билим берүү министри Эмин Амруллаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин билим берүү жана илим жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтык маселесинде жаңы сунуштарды ортого салышты. Купешев эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттерди алмашууну арттырууну, ошондой эле кыргыз студенттер үчүн квоталарды бөлүү жөнүндөгү пунктту кайра карап чыгып, Азербайжандын жогорку окуу жайларындагы квоталарды көбөйтүү сунушун киргизди.
Өз кезегинде Амруллаев азербайжан тарап кыргыз студенттери үчүн квоталарды бөлүү жөнүндөгү пунктту кайра карап чыгарын билдирди. Ошону менен бирге ал Азербайжандын жогорку окуу жайларында ушул тапта мунайды кайра иштетүү, кен казуу жана газ тармагы сыяктуу багыттар артыкчылыктуу болуп жатканын маалымдады.
Б. Купешев кесиптеши санап өткөн багыттар Кыргыз мамлекети үчүн да актуалдуу экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле билим берүү жаатында тажрыйба бөлүшүү жана жаңы идеяларды алмашуу максатында эки өлкөнүн жогорку окуу жайлардын ортосунда ректорлордун ассоциациясын түзүү демилгеленди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: