Билим берүү министри Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин министрлердин жолугушуусуна катышты



Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жетектеген кыргыз делегациясы ушул жылдын 4-ноябрында Стамбул шаарында болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин билим берүү министрлеринин VI жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун алкагында Купешев Түрк Кеңешине кирген өлкөлөрдүн бүткүл түрк дүйнөсү үчүн гуманитардык жаатта кызматташуусунун маанилүүлүгү тууралуу сүйлөдү. Ал Эл аралык Түрк Академиясын түптөгөн өлкөлөр тарабынан иштелип чыккан "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" демилгесин, айрыкча андагы Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердеги билимди жана илимди өнүктүрүүнү өз ара колдоо тууралуу кеп болгон аспектте, өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле министр түрк дүйнөсүнүн социалдык-маданий мурастарын сактоо жана жалпысынан инсанды калыптандыруу үчүн жакынкы келечекте билим берүү системаларын интеграциялоо менен түрк дүйнөсүнүн алдыңкы университеттеринин тарамын түзүүнү сунуштады.
Купешев сөзүн андан ары улантып, Кыргыз мамлекетинин жалпы түрк кызматташтыгына кошкон салымын белгиледи. Анын айтымында, Ош шаарында өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин III форуму жаш лидерлерге чөлкөмдүк өнүгүү жана жаштар саясаты жаатында тажрыйба алмашуу, кайсы маселелер ар бир өлкө үчүн да, бардык түрк мамлекеттери үчүн да актуалдуураак болуп саналарын түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берген.
Сөзүнүн соңунда Купешев түрк дүйнөсүнүн алкагында билим берүү жана илимий кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган билим берүү министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагындагы биргелешкен иштер өз жемишин берет деген ишеничин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.