super.kg logo

Италияда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги ачылды (фото)

 

Кечээ, 9-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Элчиликтин ачылыш аземине Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени, Италиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери, кыргыз студенттери жана Италиянын жарандары катышты", - деп билдиришти министрликтен.

Өз кезегинде Италиянын тышкы иштер министринин орун басары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилеген. Италия тарап жакынкы аралыкта Бишкекте өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө ниеттенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: