"Ооруканада балдар 3-4 саат кезекте туруп жатышат". Депутат балдар ооруканаларына кошумча бөлмөлөрдү ачууну сунуштады
Депутат Алайбек Алымбаев балдар ооруканаларына кошумча бөлмөлөрдү ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жыл сайын кышка жакын сасык тумоо илдети каптайт. Бир, эки жылдан бери буга коронавирус кошулду. Азыр жарандарыбыздын көпчүлүгү, анын ичинде балдар көп ооруп жатышат. Буга байланыштуу бардыгы ооруканаларга кайрылышат. Акыркы бир, эки айда жаш балдардын ата-энелери кезекте турушат. Ооруп барган балдар кээ бир учурда 3-4 саат кезекте туруп калышууда. Бул учурда бала да, ата-энелери дагы кыйналууда. Ооруканаларга кошумча бөлмөлөрдү ачууну сунуштайм. Кезек менен иштеп жаткан дарыгерлерди чыгарып, дарыгерлер жетишпей жатса медициналык окуу жайларынын ординатурасындагыларды дагы тартуу керек", - дейт ал.

