"Кара алтындын" баасы "асман чапчыйт". Өлкөдө калктын көкөйүнө тийген көмүр көйгөйү
Өлкөбүзгө кыш мезгили келерине саналуу күндөр гана калды. Жаздан баштап кыштын алгачкы күнүнө чейин ызгардуу суук мезгилине даярданабыз. Бирок бул даярдыктар жетишсиз болгону ар дайым эле кашкая көрүнүп калат. Жыл сайын бийлик кышка камырабай кирип, эч кандай көйгөйсүз чыгып кетебиз деген тилектери убагы келгенде эле "таш каап", кыйынчылыкка туш болуп калабыз. Алгач эле көмүр мезгилдин көкөйүнө тийген көйгөйүнө айланат да калат.
Өлкө аймактарындагы калк көмүр менен камыз болбой жатканы аз келгенсип, анын баасы "асман чапчып" жатканын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө тургундар кайрылып, айтышууда.
Ача-Кайыңды айылынан кайрылган окурмандын маселеси боюнча Нарын облусунун Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жылдыз Жантелиевага байланышып төмөнкүдөй жооп алдык.
"Көмүр боюнча көйгөй жаралып жатканы мурун көмүр Турук (ред.; Ак-Талаа районунда жайгашкан) карьеринен тартылчу. Азыркы учурда ал жакта жардыруу иштери жүрүп, көмүр алууга даярдалып жатат. 10 күндүн ичинде даяр болуп калат.
Ал эми азыркы убакта көмүр Кара-Кечеден тартылып жатат. Мурунку аптада 28 КамАЗ келген. Бүгүнкүгө карата 32 унаа кетти.
Буюрса, элди көмүр менен камсыз кылабыз", - деп билдирди акимдин орун басары.
Белгилей өтсөк, аталган аймакта "кара алтындын" баасы 4000-4500 сомго чейин болууда.
Бишкек жана Чүй облусу боюнча монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Кумарбек Султангазиев аталган эки аймакта көмүр баасын бир калыпта кармоо максатында рейддер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
"Өкмөттүн токтомунун негизинде Бишкек жана Чүй облусу боюнча Жол кайгуул жана биздин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери рейд жүргүзүп карап жатабыз. Мындан тышкары Бишкектин 4 районунун акимчилигинин, Салык кызматынын кызматкерлери кошулуп түзүлгөн комиссия менен көзөмөлдөө иштерин өткөрүүдөбүз.
150 ишкерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Рейддер ар апта сайын жүргүзүлүп жатат", - деди Султангазиев.
Ошону менен бирге көмүрдүн баасы ортомчулар аркылуу жогорулап жатканын кошумчалады.
Мыйзамга ылайык, өз алдынча көмүрдүн баасын жогорулаткан жеке жактарга 3 миң сом айып пул салынса, юридикалык жактарга 13 миң сом.
Учурда көмүр казуу иштери кандай темпте жүрүп жатканына кызыгып, "Кыргыз көмүр" ишканасына байланыштык.
Ишканадан билдиришкендей, Кара-Кечеде көмүр учурда үзгүлтүксүз казылып, унааларга жүктөлүп жатат.
"Учурда Кара-Кечеде күнү-түнү, тагыраагы 24 саат бою көмүр казылууда. Бир күндө 300-450 унаага көмүр жүктөлүп жатат", - деп билдиришти аталган ишканадан.
Коомдо кызуу талкуу болуп жаткан көмүр маселесине президент Садыр Жапаров көңүл буруп, түшүндүрмө берген.
Анын айтымына караганда, быйыл көмүр казуу кеч башталганын, ошого карабай казуу иштери тездик менен жүргөн. Мындан тышкары "Кыргыз көмүрдө" коррупциялык схемалар бар экенин учурда аны менен күрөшүп жатканын кошумчалаган.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкө аймагында көмүргө койгон баалар (бир тоннасы):
- Чүй облусунда 4 400-4 500 сомго чейин;
- Ош облусунда 5000-6000 сомго чейин;
- Жалал-Абад облусунда 4000-6 500 сомго чейин;
- Нарын облусунда - 2 400- 4700 сомго чейин;
- Ысык-Көлдө облусунда - 3 600-6800 сомго чейин;
- Талас облусунда - 5 100-6500 сомго чейин:
- Баткен облусунда - 4 800-8 700 сомго чейин.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө көмүрдүн баасы 4-ноябрда октябрь айына салыштырмалуу 10, 4 пайызга жогорулап, бир тоннасы 5720 сомду түздү.
Көмүргө эң жогорку баа (бир тонна үчүн):
- Ноокат- 9 874 сом 2 тыйын;
- Баткен 9 718 сом 8 тыйын;
- Исфана - 8 746 сом 4 тыйын.
Минималдуу чекене баалар (бир тонна үчүн):
- Чаек айылында - 3 000 сом;
- Балыкчы шаарында 4 000 сом;
- Нарын жана Кара-Балта шаарларында 4 500 сом) болгон.
Октябрь айына салыштырмалуу көмүргө болгон бааларда төмөндөгүдөй өсүү болгону байкалган (бир тоннасы үчүн):
- Кербен - 1 423,9 сомго же 23,7 пайыз;
- Жалал-Абад – 880,9 сомго же 15,0 пайыз;
- Талас – тоннасы 695,4 сомго же 12,2 пайыз;
- Бишкек – тоннасы 654,6 сомго же 14,4 пайыз.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Ошондой эле Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев көмүрдүн баасын себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөрүн айткан.
Кымбаттуу окурман, сиз жашаган аймакта көмүр канча сом болууда? Комментарийге пикир калтырсаңыз болот.
кошулду




Булар проблеманы чечкенди билбейт, миллиондорду сугунганды гана билишет.......