Мэриядан 5 саламаттыкты сактоо мекемесинде иш жүрүп жатканын белгилешти.

Өңдоп-түзөөдөн өткөн мекемелер:

* №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда чатыры жана тышкы канализациясы оңдолду;

* №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда электро-сантехникалык түтүктөрү жана фасады жаңыланды.

* №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жалпы курулуш иштери жүргүзүлдү.

* Медициналык "Тез жардам" борборунун жылытуу системасы жана электр блогу да оңдолду.

* №1 шаардык клиникалык ооруканада хирургиялык корпустун жана лифттик блоктордун чатырын оңдоо иштери жүргүзүлдү.

* Шаардык балдардын сүт ашканасынын ички жасалгалары оңдолуп бүттү.

"2021-жылы 90 муниципалдык объектти оңдоо пландалууда. Анын ичинде 55 билим берүү объектилери толук бүткөрүлгөн, 11 саламаттыкты сактоо объектилери, 3 социалдык коргоо объектилери, 14 маданият объекттери жана 6 турак жай-коммуналдык чарба объекттери", - дешти муниципалитеттен.