super.kg logo

ТЕСТ: Сүйүүнүн эталону аталган "Жамийла" повести тууралуу канчалык билесиз?

 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жеке кыргыз эле эмес, дүйнө эли сүйүп окуйт.

Чыңгыз Айтматов улуу сүрөткер катары көпчүлүк баамдай билбеген жагдайда жөнөкөй адамдагы улуу сапаттарды таба билген. Анын айрым адабий каармандары кандайдыр бир деңгээлде тарыхый каармандай таасирге ээ. Башкача айтканда, Айтматов айылдык карапайым кыргыздардан дүйнө тааныган кыргыздарды жаратты. Маселен, Танабай менен Толгонай эне.

Жазуучунун чыгармаларындагы өзгөчө жалындаган тема - бул сүйүү темасы. Асел менен Иляс, Мырзагүл менен Султанмурат, Данияр менен Жамийла, Раймаалы менен Бегимай. Махабат темасы - адамды адам кылып турган эң бийик аруу сезим катары сүрөттөлөт.

Бул ирет SUPER.KG порталы жазуучунун махабат тууралуу эң сонун баян аталган чыгармасы "Жамийла" повестинин негизинде түзүлгөн тестти сунуштайт.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

"Жамийла" повестинде Садык кат башына эмне деп жазган?

Садык кат башына "Амандык кат" деп жазган.

Кийинки суроо


Саламатсыздарбы?
Ассалоому алейкум!
Арыбаңыздар!
Амандык кат.

Чыгармада Жамийланы Даниярдан башка дагы кайсы каарман сүйүп калат?

Чыгармада Жамийланы Сейит сүйүп калат.

Кийинки суроо


Садык
Осмон
Сейит
Аты аталбаган жигит

Чыгармада Жамийла менен Данияр качып бара жатканда биринчилерден болуп кайсы каарман көрүп калат?

Жамийла менен Даниярдын качып бара жатканын биринчилерден болуп Сейит көрүп калат.

Кийинки суроо


Орозмат
Осмон
Сейит

Чыгармада Садыктын Жамийланын жеке өзүнө жазган катын Жамийлага ким алып келет?

Катты Жамийлага Керим алып келип берет.

Кийинки суроо


Почточу
Сейит
Керим

Чыгармада Жамийла Даниярды кайсы учурда сынайт?

Данияр трап менен карала капты көтөрүп бара жатканда Жамийла сыноого салганы үчүн өкүнүп калат.

Кийинки суроо


Чөп чапканда
Данияр трап менен карала капты көтөрүп бараткан учурда
Араба айдап бара жатканда

"Жамийла" повести кандай жыйынтыкталат?

Чыгарма Сейиттин Жамийла менен Даниярды эскерүүсү менен жыйынтыкталат.

Кийинки суроо


Сейиттин Жамийла менен Даниярды эскерүүсү менен
Садыктын госпиталдан чыгып келүүсү менен
Осмон Данияр менен Жамийланын артынан куугандыгы менен

Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин өзөгүн түзгөн тема?

"Жамийла" повестинин өзөгүн сүйүү темасы түзөт.

Кийинки суроо


Согуш
Каада-салт
Аялзатын урматтоо
Сүйүү

"Жамийла" повестиндеги Жамийланын жолдошу?

Чыгармада Жамийланын жолдошу Садык.

Кийинки суроо


Данияр
Орозмат
Садык
Сейит

"Жамийла" повестинде Жамийла Даниярды эмнеге салыштырат?

Чыгармада Жамийла Даниярды бүркүткө салыштырат.

Кийинки суроо


Арстанга
Шамалга
Күркүрөө суусуна
Бүркүткө

"Жамийла" повестинде автор Жамийланы окурмандарга кайсы эпизоддо тааныштырат?

Автор Жамийланы Сейит менен үйгө келе жаткан жолунда тааныштырат.

Кийинки суроо


Чөп чабыкта
Орозмат Жамийланын үйүнө келгенде
Сейит экөөнүн үйгө келе жаткан жолунда
Арабада Данияр менен келе жаткан учурда

"Жамийла" повестинде Данияр менен Жамийланын сүрөтүн ким таап алган болот?

Данияр менен Жамийланын сүрөтүн Садык таап алат.

Кийинки суроо


Осмон
Садык
Данияр

"Жамийла" повести алгач ким тарабынан жогору баага татыган?

"Жамийла" повести алгач Мухтар Ауэзов тарабынан жогору баага татыган.

Кийинки суроо


Мухтар Ауэзов
Луи Арагон
Олжобай Сулейманов

1963-жылы "Жамийла" повести кайсы сыйлыкка татыган?

Жазуучу "Жамийла" повести үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.

Кийинки суроо


Токтогул атындагы сыйлыкка
Эмгек кызыл туу сыйлыгына
Мамлекеттик сыйлыкка
Лениндик сыйлыкка

"Жамийла" - махабат тууралуу эң сонун баян" аттуу макаланын автору ким?

Макаланын автору франциялык акын Луи Арагон.

Кийинки суроо


Луи Арагон
Мухтар Ауэзов
Мухтар Шаханов
Олжобай Сулейманов

"Жамийла" повестинде Бакайыр айылында өткөн кыз куумайда Жамийлага ким жетпей калат?

Кыз куумайда Жамийлага Садык жетпей калат.

Кийинки суроо


Садык
Сейит
Данияр
Осмон

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.12.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 упай.Илгери сотовый телефон жок маалда бул чыгармаларды издеп,талашып,китеп эскирип кеткиче кайра кайра окуйт элек.Коз алдыма элестетип,чоп чабыкта озум кошо жургондой ,ат арабада Жамиля мн кошо бараткандай ,чачым шамалга желбиреп)))эх ,ушунчалык ырахат алаар элек китеп окугандан.
08.01.2024. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alym21 Туура тел жок, замандын талабы, китеп болуп пайдасы жакшы сакталыптыр азыркыга чейин Facebook тун тест куржунунан Жамила повестине катышып 120 упай алып Бали!!! Азаматсыз!!! деген созго татып суйундум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: