super.kg logo

Жалал-Абадда жаңы төрөлгөн наристени сатууга шектелген аял колго түшүрүлдү (видео)

 

Жалал-Абадда наристени сатууга шектелген аял кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат облустук ички иштер башкармалыгына келип түшкөн. Аталган факты Жазык кодексинин 359-беренеси ("документтердин жасалмасы") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында Ж. аттуу аял жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган. Бул кылмышты жасоо аракети даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жерден шектүүнү кармашты.

Ал эми ымыркай Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүп берилди. Аталган факты Жазык кодексинин 171-беренесине ("адам сатуу") квалификациясы алмаштырылды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
11.11.2021. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жок катын экен.Бактылуу бол наристе,келечекте камкордуу уй булого туш боло кор.Аянычтуу жагдай менен башталыптыр тагдыры.5 минуттук жыргалга баткан эки буттуу айбандарга мин наалат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: