super.kg logo

Өлкөдө 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык башталды

 

2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде жүргүзүлмөкчү.

Төмөнкүлөр катталууга тийиш экендиги белгиленет:

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.

Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык көрүү максатында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиясы түзүлүп, республикалык комиссиянын тийиштүү жобосу бекитилген.

Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын төрагасы катары министрлер кабинетинин биринчи орун басары бекитилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: